Биз социалдык тармакта

Ачкачылык кармап жатабыз деген аялдар Ак Үйдүн алдына чыгышып парламенттик шайлоонун өтүшүн талап кылышты

Бүгүн, 9-ноябрда Ак Үйдөгү Апрель окуясында курман болгондордун ысымдары жазылган тосмонун астында бир нече аялдар ачкачылык жарыялашты.
Алар "Айымдар кыймылы жана энелер үнү" деген аталышта энелердин атынан бир нече талаптары менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар негизинен парламенттик шайлоонун, соттордун ачык өтүшүн жана саясий туткундардын үй камагына чыгарылышын талап кылып чыгышкан.
"Биз Аскар Акаевге каршы чыккан митингде эл менен болгонбуз. Андан кийин 2010-жылы 7-апрелдеги окуяда дагы катышканбыз. Бул жолкусунда дагы жаштарды колдоп чыкканбыз. Мыйзамсыз бийликтин айынан эл кыйналып митингге чыгып жатат, анын кесепетинен канчалаган жаштардын өмүрү кыйылды. Мунун баарына бийликте отургандар күнөөлүү. Эл ушинтип эле ары-бери кубалашып, курман болуп эле жүрө береби? Бийликтегилер мыйзамдын негизинде иштесин деп чыктык. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун өтүшүн талап кылабыз", - ачкачылык жарыяладым деген аял.
Ак Үйдүн алдында ачкачылык жарыялаган аялдар парламенттик шайлоонун өтүшүн талап кылышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bayern-munchen
2020-11-10 00:02:05
буларга бироо сом берген анан самсаалап чыгып жатат да кеде ойлоп калам адамдар оз пейилибизди ономой сайын жакшы бийлик келбейт буга кандай бийлик келсе дагы адамдардын пейилине жараша келген го деп ойлоп калам ойгон эми кыргызым пейилди онойлу
+25
Noon
2020-11-10 00:16:23
Акча берип койсо булар өзүн кошо сатат. Парламенттик шайлоону башыңарга тартасынарбы? Англисче постер кармап алыпсынар да кишини күйгүзүп. Уялгыла! Келечекке эми үмүт менен карап баштаганда ырысынарга чычпай. Эне деп силерди ким айтат саткындар!
+18
rafo80
2020-11-10 00:16:28
Бул кемпирлерге парламенттик шайлоонун эмне кереги бар дейм да, бирөөнүн акчаларын алып отурушат да ошол жерде кезерип. Уялбайсыңарбы урматтуу энелер. Силер азыр төрдө сый көрүп отура турган маалдыңарда ошол жерге барып ачкачылык жарыялап отуруштан.
+24
Noon
2020-11-10 00:28:46
Энелер үнү деп атап алыпсынар да өзүңөрдү!) Силерге эч кандай энелер кошулбайт. Саткындар кошулат. Чыныгы энелер ак батасын берип чырагым, "лямпичкам") деп алкап жатышат. Деги эле болдугулачы ушу ачкачылык, митинг дегенинерди. Оору кыстап турганы деле жетет. Адамдай жашайлычы. Хотя бы аялдар үйүңөрдө тынч отургулачы небере, балаңарды эркелетип. Бешиктеги балабызга чейин саясатчы болуп кетти го. Тажаттынар эй
+22
Noon
2020-11-10 00:36:03
Ниетинерди оңдогула ачкачылык жарыялап, шүйкүмүңөрдү бузбай. Чындап сындырым нанга жетпей ач калган улуттар да бар, шүгүр дегиле Аллага. Кесириңер өз башыңарга көрүнүп жүрбөсүн!
+16
al-abu-kinesz
2020-11-10 01:19:49
Ушу саткын кемпирлердин жакындары, балдары, туугандары! Намыс барбы силерде? Алып кеткиле элдин жаман соз назарына калтырбай! ашанын, бабандын, ж.б.эскичил шакалдардын планы да, булардын колунан любой паскечтик келет! Кыжырды кайнатканы ошолордун арам акчаларына азгырылылган карапайым элдин туркойлугу ачкоздугу болуп атат.
+15
Chungyz
2020-11-10 02:04:28
митингтин баш мыйзамдын озгорушун кереги жок нерсе болчу Кыргызстанда таза шайлоо болсо добуш сатып алууну жок кылса эл озу тандап алат болчу татыктууларды болду
-2
bbek
2020-11-10 04:53:28
Эй кысыып эле уйунордо отургулачы арам акчага алданып пикет кылбай.эмне козунор корбу болуп жаткан озгоруулорду корбогондой
+11
ooki8888
2020-11-10 08:11:06
Энелердин, элдин атынан суйлогонду токтоткула!!! Беш сомго сатылган айбандар!!!
+5
Adi010891
2020-11-10 09:27:24
Баягы баягы ОБОН дегендер кайда пайда болгон окшойт
+1
maxburat
2020-11-10 09:45:41
Ушу аялдардын балдары барбы? Уят алып кеткиле уйунорго. Колундагы которгон англисче жазууну озу тушунот бекен.
+3
alaialaibekov
2020-11-10 10:23:06
Аял -эне ,аял-жар ,качанкыга чейин ушинтип ар кимдин созун суйлоп чыга беришет .Ыйман берсин кудайым .4.5аял болуп эле суукта озунор тушунбогон нерселерди айтып чыкпай эле койгулачы.Андан коро татыктуу уулдарды татыктуу кыздарды тарбиялап уйунордо отургулачы.
+3
ika8086
2020-11-10 19:10:15
ачка калсанар озунорго,бироонун силер менен иши канча,башында акчага сатылып Акаевти кууштунар анан 7-апрель дагы...дагы...уул кызынарды ойлосонор шерменде болуп кылаарга ишинер жокпу небере карап,уйдо отту жагып,ысссыыыык чайдан ичип отурбайсынарбы балэээ барбы сызда отуруп.Эмне ишинер бар шайлоо менен.Акчага иштегинер келип митинге чыгып эл алданбайт силерге да.Эне деген уйдо олтурат.Дагы бир долдурдун акчасына чыгыштыда.Англис тилде жазып аны эмне деп жазылганын озунор деле тушунбодунор
+1
Diyana
2020-11-14 00:54:17
Жылуу уйдо неберелер чай ичип отурбайбы кысыып, тусторуно келишпей беш-алты сом учун дооруп каяктагы жооруктарды жасашат. Тушунугу жок эл экенбизда, коншуларга шерменде болуп деле буттук
+3
Mustafo
2020-11-15 16:12:21
Апалар намазыңарды окуп үйдө эле отурбайсыңарбы , силердин шайлоо менен эмне ишиңер бар , силерди эч ким укпайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан