Грузияда өткөн нааразычылык акциясында 27 адам жаракат алды

Грузияда өткөн нааразычылык акциясында 27 адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн расмий маалыматына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Грузияда Борбордук шайлоо комиссиясына нааразы болгон адамдар митинг өткөрүшкөн. Акциянын катышуучулары полиция кызматынын унаасын чыгымга учураткан. Мындан улам полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

"Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 19 адам кармалды. Ошондой эле 14 укук коргоо органы, 3 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлү жана 10 акциянын катышуучусу ар түрдүү мүнөздөгү жаракат алды", - деп жазылат маалыматта.

Грузия оппозициясы 31-августта өткөн шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгышкан. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Тамар Жванияны отставкага кетүүсүн жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан