Интернетте эмне кеп? Кыргызды чекесинен кырып жаткандай жол кырсыктары, Жапыкеевдин ашканасына конокко барган Текебаев, жеңишке жеткен Тыныбекова, жеңилүү ызасын тарткан Ниязов, өрт жалмаган "Орто-Сай" базары

Азыркы заманда бир канча саат социалдык тармактарга кирбей калсаң бир топ жаңылыктан артта каласың. Дегеле мүнөт сайын айланада ар кандай окуялар орун алууда.

Кырсык каш менен кабактын ортосунда демекчи 8-ноябрда Ош-Исфана жолунун 306-чакырымында үрөйдү учурган кырсык болуп өттү. Анда Мерседес-Бенц унаасы менен Nexia унаасы сүзүшкөн. Сүрөттөрдө 2 унаа тең кагаздай эле бырышып, бүктөлүп калганын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары бул чакырымда жолдун абалы жакшы экенин жана бул жерде айдоочулар дайыма жогорку ылдамдыкта айдашаарын жазып калтырышкан.

Өзүнүн ашканасында отуруп калың элге таанылган азыркы Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеевге депутат Өмүрбек Текебаев конокко барды. Ал колдонуучуларды Жапыкеевдин түз эфирлерге чыгып жүргөн "студиясы" менен тааныштырган. Мындан сырткары Жапыкеевдин дасторконунан даам сызып, ал тургай эл шектенип жүргөн тамекисин да көргөзүүгө жетишкен.

Жоон билек, таш такым балбандарды чогулткан Президенттин кубогу үчүн орун алган көк бөрү боюнча оюндар да артта калды. Анда буга чейин сөз болуп жаткан Манас Ниязовдун "Ала-Тоо" командасы Жогорку Лигага өткөнү менен финалда көлдүн "Мурас" командасына жеңишти эңдирип ийди. Жанын сабай ойногон Ниязов атаандаштарынын тай казанына 3 улак салганга үлгүрдү.

Кыргыздын бактысына, намысына жаралган балбан Айсулуу Тыныбекова пандемияга байланыштуу орун алган тыныгуудан кийин алгачкы эл аралык мелдеште жеңишке жетти. Польшанын Варшава шаарында өткөн мелдештин финалында Тыныбекова орусиялык балбан кызды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалга ээ болду.

Жекшемби күнү жагымсыз окуя менен аяктады. Түн ооп калган мезгилде шаарыбыздагы ири базарлардын бири болгон "Орто-Сай" базарынын так ортосунан өрт чыкты. Өрт толугу менен таңга маал өчүрүлдү. Эч бир адам жабыркаган эмес, бирок ондогон соодагерлер жабыркап, миллиондогон чыгымдарын эсептеп отурган учуру.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан