9-ноябрда Орусиянын Ми-24 аттуу аскердик тик учагы Армениянын аймагында кыйроого учурады. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын коргоо министрлигине таянуу менен орус басылмалары жазышкан.
Маалыматка караганда тик учакты Азербайжан тарап кокусунан атып алганын моюндаган.
"Ми-24 тик учагы Армениянын Азербайжан менен жакын чектешкен Ерасх шаарында орусиялык аскердик автоколоннанын коштоосунда учуп бара жаткан. Ошол маалда тик учакка карай жерден ок атылган. Аскердик тик учак чабуулдан кийин башкаруусун жоготуп, тоолуу аймакка кулаган. Кырсыктын кесепетинен экипаждын 2 мүчөсү каза тапкан. Дагы бир адам оор жарадар болуп аэдромго жеткирилди" , - деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде Азербайжан бул инцидент үчүн Орусиядан кечирим сурап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтканы маалымдалат.
"Ми-24 тик учагы караңгыда, төмөнкү бийиктикте ПВО каражаттары радар кармабай турган аймакта учкан. Бул Орусия тарапка багытталбаган кокустан болуп кеткен мүнөздөгү чабуул. Бул трагедиялуу окуя үчүн кечирим сурайбыз" , - деп жазылган Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.