"Арменияда башаламандык жаралды". Орусия Карабахка аскер күчтөрүн жөнөттү

Орусиядан Тоолу Карабахка Армения-Азербайжан кагылышуусун токтотуу максатында 2 миңге чукул орусиялык аскерлер жөнөп кетишти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү тараткан.

"Карабахтагы согушту токтотуу максатында 1 миң 970 аскер, 90 аскер унаасы жана жалпы 380 аскер техника жөнөтүлдү. Аларды ташууну Ульяновск шаарынан Ил-76 учагы ишке ашырды", - деп билдирген Коргоо министрлиги.

Учурда Армения жарандары согушту токтотпоону талап кылып парламент имаратын басып алып, төраганы сабап салышканы белгилүү болду. Өз кезегинде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян элди дүрбөлөңгө алдырбоого чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан