Орусия, Армения жана Азербайжан лидерлери бүгүн, 10-ноябрдан баштап Тоолуу Карабахта ок атышпоо чечимине кол коюшту. Келишимдин толук текстин Риа новости басылмасы жарыялады. Келишим төмөнкүдөй шарт менен кабыл алынды.
- 10-ноябрь Москва убактысы боюнча түнкү саат 00:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу. Азербайжан жана Армения аскерлери өз позицияларында калат;
- Тараптар аскер туткундарын алмашууга милдеттендирилет;
- Армения Кельбажар аймагын Азербайжанга 15-ноябрга чейин, ал эми Лачин аймагын 2020-жылдын 1-декабрына чейин кайтарып бериши керек. Мындан тышкары, 20-ноябрга чейин Ереван Бакуга Агдамга аймагын өткөрүп бериши керек.
- Тоолуу Карабахтагы байланыш линиясынын боюна жана Лачин коридоруна Орусиянын 1 миң 960 куралчан аскерлери, 90 аскер унаасы жана 380 башка техникалар менен тынчтыкты сактоо үчүн жайгаштырылат;
- Келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө максатында, тынчтыкты сактоо борбору жайгаштырылып, ок атышпоо режимине көз салынат;
- Жакынкы үч жылда Степанакерт шаары менен Армениянын ортосундагы байланышты камсыз кылган Лачин коридору боюнча жаңы трассанын курулушунун планы аныкталууга тийиш. Андан кийин бул маршрутту коргоо үчүн Орусиянын тынчтык орнотуучу аскерлери кайра жайгаштырылат. Ошол эле учурда Азербайжан Лачин коридору боюнча транспорттук байланыштын коопсуздугуна кепилдик берет;
- Ички жер которгон адамдар жана качкындар БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын көзөмөлү астында Тоолуу Карабахка жана анын тегерегиндеги аймактарга кайтып келе алат;
- Аймактардагы бардык экономикалык жана транспорттук байланыштар бөгөттөн чыгарылышы керек. Ошол эле учурда, Армения Азербайжандын батыш аймактары менен Нахичеван автономиясынын ортосундагы транспорттук байланышты камсыз кылууга милдеттендирилет. Буга Орусиянын чек арачылары көзөмөл кылат.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул келишимди өзү үчүн өтө оор чечим деп атап, бирок андан башка жол жок экендигин белгилесе, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бул келишимдер Карабах жаңжалын жөнгө салууга чекит койгонун билдирген.
Учурда Армения жарандары бул чечим үчүн нааразычылыгын билдирип, парламент имаратын басып алышты. Алар согушту улантууну талап кылып жатышат.