Депутат Дастан Бекешев Кытайга болгон карыз тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына видеосун жарыялады.
Ал биздин өлкөнүн Кытай менен болгон насыя тарыхы 90-жылдары башталганын белгиледи. "Бирок бул насыянын бир бөлүгүн Кытай кечип койсо, бир бөлүгүн өзүбүз төлөй алдык. Биз Кытайдан 2008-жылдан бери жигердүү карыз ала баштадык. Азыркы учурда бизде 9 насыя бар. Анын алтоосу жолдорду оңдоо үчүн алынса, үчөөсү энергетикалык коопсуздук үчүн алынган. Бардык ушул насыялардын жалпы шарты бар. Насыянын жылдык коюму 2 пайыз, насыянын мөөнөтү 20 жыл, бирөөсү 25 жылга берилген.
Эгерде биз насыя каражаттарын пайдалануу менен товарларды сатып ала турган болсок же кызматтарды көрө турган болсок, анда Кытайдан сатып алышыбыз керек. Насыя келишимдери Кытай мыйзамдарына ылайык чечмеленет жана талаш-тартыштар келип чыкса иш Кытайдын арбитраждык соттору тарабынан каралат. Ошондой эле бардык насыялар АКШнын доллары менен берилген. Бир гана насыя юань менен берилген.
Эгерде бүгүнкү күнгө чейин бардык насыяларды кошуп эсептесек, анда Кытайга 2 миллиард 256 миллион доллар төлөшүбүз керек. Биздин жылдык бюджет 2020-жылга карата 1 миллиард 700 миллион долларды түзөт.
2007-жылдан бери өкмөт карыздарды төлөө үчүн жарандарга кайрылып келет. Бул жылы Садыр Жапаров Кытайдын карызынан кутулуу үчүн банктык эсеп ачуу боюнча элге убада берди. Доллардын курсу өсүп, карыздын көлөмү дагы өскөндүктөн жарандар карызды төлөй алышы күмөн жаратат", - деп айтты Бекешев.