Владимир Путин Жо Байденди жеңиши менен куттуктай элек. Буга Кремлден түшүндүрмө беришти

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байденди жеңиши менен куттуктай элек. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга түшүндүрмө берди.
"Биздин оюбузча, расмий түрдө жарыялоону күтүү керек. Анткени Дональд Трамп шайлоо жыйынтыгына нааразы болуу менен сотко кайрылуу планы тууралуу жарыя кылды", - деген Дмитрий Песков.
Песков 2016-жылы Дональд Трамп шайлоодо жеңишке жеткен учурда Путин дароо куттуктаганын, анда азыркыдай абал (юридикалык процедуралар) болбогону менен түшүндүргөн.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өттү. Анын жыйынтыгында Жо Байден жеңишке жетишти. Ал эми ант берүү аземи 2021-жылдын 20-январында өтөрүү пландалып, ага даярдыктар көрүлө баштаганын чет элдик маалымат булактары жазышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан