Армения парламентин басып алгандар депутаттарга ультиматум койду

Армениянын "Арабо" аттуу ыктыярчылардан түзүлгөн отряддын командири Манвел Егиазарян премьер-министр Никол Пашиняндын "Менин кадамым" блогунун депутаттарына кайрылып, аларды түшкө чейин парламентке келүүгө жана Карабах боюнча үч тараптуу билдирүүнү цивилизациялуу түрдө дератикациялоо процессин баштоого чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Егиазарян парламентке чыга турган бардык депутаттардын коопсуздугуна кепилдик берди. Болбосо, ал депутаттар Африкага качып кетсе дагы, баардыгын таап келүүгө убада берген. "Келип жумушуңарды аткаргыла. Силерге эч нерсе болбойт", - деген Егиазарян.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча толугу менен ок атууну токтотуу 10-ноябрда башталат, Азербайжан менен Армения өз позицияларында токтойт, ошондой эле туткундарды алмаштырышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан