Интернетте Ливандын Аккар аттуу аймагына метеорит түшкөн видео пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Видеодон асмандан жалындап күйүп келе жаткан тоголок шарды көрүүгө болот. Жерге жакындаган сайын анын жалыны өчүп, кийин жок болуп кеткен.
Маалыматка ылайык, окуя Аль-Талиль калктуу конушуна жакын жерде болгонун кабарлашты. Метеорит плантацияга түшүп, жыйынтыгында ал жерде өрт чыккан.
"Астрофизик Сирина Нехменин айтымында, бул окуя Леонид метеориттер агымы менен байланышы бар болушу мүмкүн. Өтө тез метероит болуп саналып, анын ылдамдыгы болжол менен секундасына 71 чакырымды түзөт", - деп жазылат маалыматта.