Армениядагы митингчилер парламенттин имаратын басып алышты. Бишкектеги 5-октябрдагы Ак Үйдүн абалы менен салыштырабыз (сүрөттөр)

Премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол койгонуна нааразы болгон митингчилер парламентти басып алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, документке кол коюлары менен өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциялары башталган. Митингчилер имаратка кирип барып, Пашиняндын иш бөлмөсүн талкалап, андагы мамлекеттик символдорду алып кетишкен.

Учурда нааразы болгондор башка депутаттардын оппозициялык күчтөргө кошулушун жана аталган келишимдин жокко чыгарылышын талап кылууда.

Белгилей кетсек, 9-ноябрь күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Орусия президенти Владимир Путин тарабынан Тоолуу Карабах аймагындагы куралдуу тирешүүнү токтотуу боюнча келишимге кол коюлган.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө да митингчилер тарабынан Ак Үй талкаланган. 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган митинг башталып, ал массалык башаламандыкка алып келген.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйгө басып кирип,ага толук ээ болушкан. Натыйжада Жогорку Кеңештин жыйындар залы талкаланып, жетинчи кабаттагы бир топ иш бөлмөлөр өрттөлгөн.

Армениядагы митингчилер парламентти басып алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
NURSAPAR
2020-11-10 16:24:40
Даа....
+2
al-abu-kinesz
2020-11-10 17:43:32
NURSAPAR, вот таак вот...
+2
nazarnew
2020-11-10 18:04:06
Биз жол баштап койдук, башкалар улантып атышат, молодцы.
-4
bema_bema
2020-11-10 18:12:56
Алар ыймандуурак басып алышыптыр,биздикилер тим шумдук эле талкалаптыр мамлекетти артка тартып.
+9
Ariz0112
2020-11-10 19:18:19
Өрттөгөндөргө наалат!
+10
Jibakana
2020-11-10 19:40:45
Кыргыздардан уйронушкон го..
-1
bond02
2020-11-10 19:48:23
Баары бир биздин кыкендер жапайыраак.
+13
Almazhhhh
2020-11-10 23:27:05
bond02,Жапайыраак эмес жапайы еле калкпыз.Мойунга алыш керек.
+7
mariolan
2020-11-11 00:58:27
элдин мүлкүн талкалагандарга наалат наалат наалат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан