Орусиядан онунчу Ил-76 учагы Тоолуу Карабахка учуп кетти

Орусиянын Ульяновск шаарынан куралдуу аскерлер жана аскердик техникалар жүктөлгөн онунчу Ил-76 учагы Тоолуу Карабахка учуп кетти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү жасаган.

"Орусиянын тынчтык орнотуучу аскер күчтөрү менен онунчу Ил-76 аскердик-транспорттук учагы Ульяновск аэродромунан учуп кетти. Учактын бортунда тынчтыкты сактоочу бөлүктүн өздүк курамы жана аскер техникалары бар", - деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин Орусиянын, Армениянын жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышууну токтотуу боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы кабарланган. Кабыл алынган келишимдин бир бөлүгүндө Карабахка орусиялык тынчтык күчтөрүн жайгаштыруу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asyl1998
2020-11-10 14:05:37
Россия кыстырып койду окшойт. Туура кылат. Болбосо экоо жаш баладай кырыла беришмек.
+6
medet1983
2020-11-10 15:00:31
Россия кыстыра албайт Азербайжанды.Азербайжан жеңди бул согушта өзүнүн жерин кайтарып алды.
-1
Kubat77
2020-11-10 18:42:24
Талашканга т... Жок болуптур го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан