Тоолуу Карабах душмандардан толугу менен бошотулду. Бул тууралуу Түркиянын президентинин пресс-катчысы Ибрагим Калын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган.
"Карабах бошотулду. Карабах - бул Азербайжан. Мындан кийин дагы Түркия согуш талаасында жана сүйлөшүү столунда да Азербайжандын жанында болот", - деп жазган Калын.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян буга чейин кабыл алынган келишим ал үчүн өтө оор чечим болгонун белгиледи. Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келишимге кол коюуну Армениянын багынып бериши деп атады. Анын айтымында, келишим Баку үчүн эң пайдалуу. Мындан тышкары, аскерий баскыч аяктап, саясий маселелерге өтүүгө болот.