
Бириккен Араб Эмираттарында жарандык никеге жана алкоголдук ичимдиктерге уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалымытка ылайык, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Ибн Зайд Аль Нахайян алкоголдук ичимдиктерди колдонууга айрым чектөөлөрдү алып салган жана никеден тышкары чогуу жашоого уруксат берген мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган. Жеке абал жана жарандык мамилелер жөнүндө мыйзамдарга, федералдык кылмыш кодексине жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Алар президент кол койгондон кийин дароо күчүнө кирет. Эми өлкө 21 жаштан жогору курактагы адамды алкоголдук ичимдиктерди лицензиясыз ичкендиги, сактагандыгы же сатканы үчүн жоопко тартпайт. Ошол эле учурда алар жашы жете электерге спирт ичимдиктерин сатканы үчүн жазага тартылат.