"Кооз эмгектерге саякат". Дүйнөдөгү жылдын мыкты сүрөттөрү аныкталды

"Siena International Photo Awards - 2020" (SIPA) Эл аралык сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Франциянын океан фотографы Грег Лекердин эмгеги аталган эл аралык сүрөт сынагында "Жылдын мыкты сүрөтү" наамын алды.

Сыйлыкка ээ болгон жапайы табият жана океан фотографы Лекер бул сүрөтүн Антарктидада тарткан. Ал океандардын экологиялык жактан коргоого муктаждыгын көрсөтүп, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган илимий долбоорлорго дайыма катышып келет.

Бул жылы эскперттерге 156 өлкөдөн 48 миң сүрөт келип түшкөн. Калыстар тобу алардын ичинен 18 сүрөттү тандап алган.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган сүрөт сынагы «Siena Awards’дын» кеңири долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоор сүрөт тартууга гана эмес, глобалдык байланышка, маданий алмашууга жана өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон дүйнөдөгү адамдарды искусствого чогултууга багытталган.

Белгилей кетсек, бул сынак 2015-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Ал эми курамына белгилүү фотограф, редактор, сүрөт жыйноочулар кирген эксперттер тобу баа берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2020-11-11 10:46:54
Азыркы биздин кээ бир жаштарыбыз суротко тушконду маймылдан уйронгон окшойт э, колун оозуна салып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан