Түштүк Кореяныны борбору Сеул шаарында биринчи жолу учуучу такси сыноодон өттү. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка караганда, сыноодон өткөн учуучу таксинин айдоочусу жок, ал атайын K-drone системи менен ишке ашырылган. Аталган иш-чара кечээ, 11-ноябрда болуп өткөн.
"Бул дүйнөдө биринчи жолу учуучу таксиге өткөрүлгөн сыноо болду. Ал 50 метр бийиктикте 2 чакырым аралыкка учту. Азырынча эки жүргүнчүгө гана ылайыкталган. Келечекте 8ге чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Учурдагы сыноодо жүк салынган дрон катышты. 2 жыл ичинде анын прототиби чыгарылмакчы ", - деп жазылган басылмалардын маалыматында.