Казакстан менен Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө жардам берүү тууралуу сүйлөштү

Коңшу Казакстан менен Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашканын казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

"Борбордук Азиядагы кырдаалды талкуулоо учурунда мамлекет башчылары аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетишти. Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт", - деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары, президенттер Орусиянын төрагалыгы астында 10-ноябрда өткөн ШКУнун саммитинин жыйынтыгын жогору баалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
al-abu-kinesz
2020-11-12 11:13:28
Садыр Нургожоевичти мына башка олколор да колдоп атышат, коруп турушат да ситуацияны. Эзели жардам бербеген Озбекстан да Жапаров элдик президент экендигин тушунуп жакшы пикирлерди калтырып атышат, рахмат!
-1
Kyrgyz_bloger
2020-11-12 11:38:56
al-abu-kinesz,эзели жардам бербеген дегенин туура эмес болуп калат го,кече пандемияда жардам берип эле жатты.
+14
nazira...
2020-11-12 21:08:31
Kyrgyz_bloger, срогу откон, тандырга турбаган начар ундарын берип аябай жакшы жардам берди Озбекстан. Дагы ошондой ун келсе олгон экен Мирзиеев. Оордуна Оштун менмин деген цементин алышат турбайбы, бартер кылып.
-3
Suzak12
2020-11-12 12:29:41
Садыр акадан элдин умуту ото чон Аллах насип кылып президент болуп калса экен.
0
Shabi
2020-11-12 12:35:16
Садырынды кобу тенине албай жатат.Айтсак Путин баш болуп.Бийлике жаны келгенде биринчи иш сапары Россияга болот суйлошуулор журуп жатат деди эле,сыягы орус тарап Садыр менен жоолугушууну каалаган деле жок окшойт,кааласа расмий иш сапар болот эле да.Путин менен жок дегенде телефон аркылуу суйлошууну отунду эле ал суйлошуу да болгон жок.Уже 2кундон кийин у.б президенттиктен кетет.Путин деле коруп дата да кандай жол менен бийлике келгенин
-2
Mamajanovna77
2020-11-12 12:53:51
Ооба.эми жардам берсе курсагы жарылайын деген жеп жутарларга эмес элге кетишин билип атышат да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан