Казакстанда окутуучу өспүрүм кыздарды зордуктаганга аракет жасаган деп шектелип кармалып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
"Алматы шаарындагы соода борборунун дааратканасында жашы жете элек эки кызга карата сексуалдык муктаждыктарын канааттандырууну көздөп ыдык көрсөткөнгө шектелген жаран кармалган. Ал өспүрүм кыздарга уюлдук телефондон порнографиялык мазмундагы видеолорду көрсөтүп, адепсиз аракеттерди жасаган. Сот кылмышкерге карата "билип туруп өспүрүм кызга карата ырайымсыз аракеттерди жасаган" деп айып тагып, окутуучулук укугунан ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыраткан", - деп айтылат маалыматта.