Тоолуу Карабахтагы Армения жана Азербайжан өлкөлөрүнүн ортосундагы тынчтыкты сактоо операциясына Орусиянын аэрокосмостук күчтөрүнүн Ми-8 жана Ми-24 аттуу согуштук тик учактары колдонулат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирген.
"Тик учактар ок атууну токтотуу жана аскердик операцияларды көзөмөлдөө аймактарына абадан байкоо жүргүзүү үчүн колдонулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда 8 тик учак Еревандагы аэродромго жеткирилген.
Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Азербайжан менен Армения өз позицияларында токтойт, ошондой эле туткундарды алмаштырышы керек.