Ошто ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси шектүү катары кармалды

Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков жана дагы үч жаран көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарындагы эл менен болгон жолугушууда жергиликтүү жашоочу аталган көмүр кениндеги рейдерлик ишти айтып берген. Бул боюнча УКМК кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп баштаган.

"Улукбек Өмүрзаков менен бирге дагы 3 жаран кармалды. Алар көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууга катыштыгы бар деп шектелүүдө. "Мухамед Умар" спорт клубунун кызматкерлери баш болгон бир топ адам 2020-жылдын январь айында "Жолчырак" ЖЧКсынын көмүр кенинин аймагына кирип, ишкананын жумушчуларын карьердин сыртына чыгарып, атайын жабдыктарды тартып алышкан", - деп жазылат маалыматта.

Кармалган Улукбек Өмүрзаков - ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nazarnew
2020-11-12 17:36:10
Эми атып салсанар деле болот бул гиеналарды.
+19
Arzybekkg
2020-11-12 17:38:17
С. Жапаровко толук ишендим криминал менен курошуп жатканына...
+21
Federik
2020-11-12 17:38:44
Тюрьма шакалом.
+17
Talantus
2020-11-12 18:10:33
Эми Сүйүн дегенин деле кызматтан алгыла.
+20
kamchatka
2020-11-12 18:11:12
Иниси кармалса акаси жумуштан четеп туруш керек тергоо акыйкат журуш учун Суйунда кетсин жумушунан
+19
www.www
2020-11-12 18:11:45
nazarnew. Сага окшогон бөрк ал десе баш алган адамдар элди, журтту кырып кул кылат
-17
saat1200
2020-11-12 19:41:16
Сүйүн Өмүрзаковду да текшериле, иштен айдагыла
+8
nazira...
2020-11-12 20:48:52
Кудай бар экен тоба. Суроттогу балдардын мынча тусу суук.
+6
www.www
2020-11-12 22:03:05
Бул жерде 10-15 чакты адам бар го э ачфк эле криминалдык, провокация га чакыруу болуп атса ага каршы туура сөз айтса аны колдоп мага минус баскандар силерге да Кудай бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан