Түркмөнстандын президенти Ашхабад шаарына алабай тукумундагы иттин алтын айкелин орнотту

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердумухамедов Ашхабад шаарында алабай тукумундагы иттин алтын айкелин орнотуп, ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, иттин алтын айкелинин бийиктиги 6 метр. Ал бийиктиги 9 метр болгон постаментте жайгашкан. Айкел видео экран менен курчалган, анда ушул тукумдагы иттердин катышуусунда видеотасмалар көрсөтүлүп турат.

Түркмөнстандын башчысы алабай тукумундагы иттерди аярлап келет. 2017-жылы Орусия президенти Владимир Путинге Верный аттуу күчүктү берген. Ал эми 2019-жылы Дмитрий Медведевге дагы ушундай белек жасаган.

Өткөн жылдын сентябрь айында Бердымухамедов "Түркмөн Алабай" аттуу китебин чыгарып, ушул эле аталыштагы ырын жаздырган.

Мурдагы Билим берүү министри Каныбек Исаков каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2020-11-12 17:51:56
Ат менен ит таптап жүрө турган адам экен бешенесине президенттик жазылып калыптыр да.
+6
nazira...
2020-11-12 22:09:09
Алтындан тургузуп, эмне туркмон эли ушунчалык жакшы жашашабы, ошончо акчаны элине жумшаса болот го. Же эли ушунчалык телегейи тегизби. Чындыгында туркмондорго тийген бир да кыргыз кызы жок, башкасынын баарына тийген. Алар тоготпойт го менимче.
-1
bond02
2020-11-12 23:50:31
nazira...,сен тий.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан