Коңшу өлкөнүн Каратөбө районундагы Ханкөл айылынын тургундары алар жашаган аймакта белгисиз аялдын арбагы пайда болгонун айтышууда. Бул тууралуу Казак маалымат булактары жазып чыгышты.
"Чачы ачык түстөгү аял чоң жолдун боюнда жүрөт. Андан аялдар гана эмес, айдоочулар да коркуп жатышат", - деп жазылган социалдык тармактарга.
Ал эми район башчысы Талап Казиев жергиликтүүлөр менен курмандык чалып, түлөө өткөргөндөрүн билдирген.
"Жергиликтүүлөрдүн айтымында жүк ташуучу унаа келе жаткан маалда белгисиз аял жолдо жүргөн. Унаа андан качып келе жатып башка унаа менен сүзүшүп кала жаздаган. Бирок мен деле дайыма ушул жол менен жүрөм андай нерсени көргөн эмесмин. Жергиликтүүлөр ишенип жана коркуп калышыптыр буга байланыштуу тиешелүү ырым-жырымдарды жасадык. Ал эми интернетте жүргөн видео чынбы же монтаждалганбы азырынча белгисиз", - деп билдирген Казиев.