Учурда "Ала-Тоо" аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков дагы деле манас айтып жатат. Ошол эле убакта ал жерде "Тез жардам" кызматы да турат.
Кабарчыбыз медицина кызматкерлеринен манасчынын абалы тууралуу сурады.
"Медицинада 10 сааттан ашык суу ичпей койгонго болбойт. Бирок биз баары бир Кыргыз элибиз. Андыктан ар кандай нерсе күтсө болот. Азыр транска кирип, өзүн жоготуп жатат деп чакырышкандан келгенбиз. Биз ошондон бери турабыз. Сырттан караганда абалы туруктуу деп ишенип жатабыз, бирок баарын күтүүгө болот", - деп жооп берди кызматкерлер.