Түркияда пластикалык операция жасаткан аял комага түшүп калды

Түркияда мугалим болуп иштеген аял пластикалык операция жасаткандан кийин комага түшүп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы Улуу Британиянын Мишель Уильямс аттуу тургуну ушул жылдын август айында мурдунун формасын өзгөртүүнү чечип, пластикалык операция жасаткан. Ал операция үчүн 3 миң 500 фунт стерлинг (350 миң сомдон ашык) акча төлөгөн.

Аял наркоздо жатканда, жүрөгүнүн согушу начарлап, андан кийин үч саатка созулган талмасы кармаган. Мындан тышкары, кычкылтектин жетишсиздиги мээнин жабыркашына алып келген. Операциядан кийин Уильямс ооруканада үч айдан бери эс-учун жоготуп жатат. Ушул убакыттын ичинде ал пневмония менен дагы ооруй баштаган. Учурда туугандары аны мекенине алып кетүүнү көздөп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidan_Ek
2020-11-13 10:50:40
Журок, кан тамырларын текшербей эле жасаптыр да анда операцияны
+3
aizada2020
2020-11-13 11:00:49
Жараткан берген келбетке ыраазы болуш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан