Коронавируска кабылган Зеленский ооруканага жаткырылды

Украина президенти Владимир Зеленский жана анын кеңсе жетекчиси Андрей Ермак коронавирус инфекциянын айынан ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда алар "Феофания" аттуу клиникалык ооруканада эмдөөдөн өтүүдө.

Андрей Ермактын кеңешчиси Михаил Подоляктын айтымында, өлкө башчылары протоколго ылайык дарыланып жатышат.

"Президент жумушун улантып жатат. Ал үчүн онлайн жыйындарга катышууга шарт түзүлгөн атайын бөлмөлөр бар",- деп билдирген Подоляк.

Белгилей кетсек, буга чейин 9-ноябрда Украина лидери Зеленскийден коронавирус инфекциясы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан