Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалды

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук госпиталга Жантөрө Сатыбалдиевди көргөнү барган.

"Бүгүн, 13-ноябрда, Токон Мамытов Улуттук госпиталда дарыланып жаткан мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден кабар алды. Сатыбалдиев акыйкатчыга жакында жүрөгүнө операция жасалганын айтты. Мындан сырткары өзүнө коюлган кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо боюнча Жогорку Сотко кайрылып, отурум 6-декабрга белгиленгенин билдирди",- деп айтылат маалыматта.

Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча соттолуп 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-11-13 19:07:29
Булардын жүрөктөрү ооруп калганбы убагында мамлекети тоногондордун баарынын диагнозу бирго шумдугуң кургур!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан