Бүгүн, 14-ноябрда 85 жаш курагында СССРдин эл артисти Армен Жигарханян каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакын досу Артур Согомонян билдирген.
"Ал бүгүн эртең менен таңкы саат 06:00 чамасында каза болду", - деген Согомонян.
Армен Жигарханяндын жүрөгү токтоп калып каза болгондугу белгилүү болду.
Армен Жигарханян 1935-жылы Армениянын борбору Ереванда төрөлгөн. СССРдин эл артисти болгон Жигарханян көптөгөн наамдардын жана сыйлыктардын ээси болгон.