12-ноябрда Орусиянын мигранттар федерациясы уюштурган сулуулар сынагында тажикстандык Фатима Каладорова эң сулуу мигрант деп табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сынакка Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Тажикстан, Украина, Молдова, Өзбекстан, Түркмөнстан Афганистан өлкөлөрүнүн 200дөн ашык мигранттары катышкан.
Биринчи тур онлайн добуш берүү жолу менен өтүп, анда 12 катышуучу финалдык баскычка өткөн. Жыйынтыгында Екатеринбург шаарында жашаган тажикстандык,Фатима Каладорова эң сулуу деп табылып, Кыргыз өлкөсүнөн барган мигрант Камила Полотбекова көрүүчүлөрдүн купулуна толгондугу үчүн сыйлык алган.