Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга кол салуу аракети алдын ала, токтотулду. Бул тууралуу Армениянын Улуттук коопсуздук кызматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, үйүндө бир нече куралдарды, жардыргыч заттарды катып жаткан адам, Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Анын Тоолуу Карабахтагы өкмөткө каршы саясатчылар жана алардын жактоочулары менен премьер-министрдин өмүрүнө кол салуу жана анын ыйгарым укуктарын күч менен басып алуу үчүн келишимге келгендиги белгилүү болгон.
"Өтө оор кылмыштарга даярдануу Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан ачылып, бөгөт коюлду", - деп айтылат билдирүүдө.
Карабахта ок атышпоо келишимине кол коюлгандыгына байланыштуу Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозициянын митингдери бир нече күндөн бери Ереванда өтүп жатат.