АКШ президенти Дональд Трамптын атактуу "Үйдө жалгыз 2" киносуна тартылып калышы тууралуу кинонун режиссёру Крис Коламбус айтып бергенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тасманы тартуучу топ "Үйдө жалгыз 2" тасмасын тартуу үчүн ошол мезгилде Трампка таандык "Plaza" аттуу мейманкананы тандап алган. Тасманы мейманканадан тартууда Трамп такыр башка шарт койгон.
"Мейманканада тартуунун бирден-бир жолу - эгер мен тасмага катышсам", - деген Трамп.
Режиссёрдун айтымында, "Үйдө жалгыз 2" тасмасынын биринчи көрсөтүүсү көрүүчүлөргө жаккандыгына байланыштуу, ал Трамп катышкан эпизодду калтырууну чечкен.
"Үйдө жалгыз 2" тасмасы 1992-жылы тартылган. Бул тасма ошол жылы эң көп киреше тапкан экинчи тасма болуп саналат. "Үйдө жалгыз 2" тасмасы АКШда 173 миллион доллардан ашык каражат тапса, дүйнө жүзү боюнча 359 миллион доллар киреше тапкан.