Тоолуу Карабахтын Карвачар аймагында үйлөрүн өрттөп, каза болгон туугандарынын сөөктөрүн казып алып, Армения тарапка кеткендер көп болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Карвачар шаарынын тургундары оокат жайларын, мал-жандыктарын алып үйлөрүн өрттөп салып, Арменияга кетип жатышат. Мындан тышкары, кээ бирлери каза болгон туугандарынын да сөөктөрүн казып алып, кетип жатышат. Учурда Арменияга кетүүчү түндүк Карабах жолунда унаалардын бир чакырымга жеткен тыгыны пайда болду.
Карабах боюнча үч тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык, Карвачар аймагы биринчилерден болуп бүгүн, 15-ноябрда Азербайжанга өткөрүлүп берилет.