Батыш-Казакстан облусунун акими Гали Искалиев Каратөбө районундагы Ханкөл айылына полиция кызматкерлерин жиберди. Бул тууралуу Казак басылмалары жазып чыкты.
Аким арбак тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деп эсептейт, бирок буга карабастан полиция кызматкерлерин ал жактагы абалды текшерип келүү үчүн жиберген.
"Эч кандай маселе жаралбашы зарыл. Полиция кызматкерлери күндө таң эрте мага маалымат берип жатышат. Адамдар айтып жаткан арбак бирөөнүн орунсуз тамашасы дагы болушу мүмкүн. Ошол себептүү полиция кызматкерлерин бул маалыматты текшерүү үчүн жибердим",- деген аким.
Буга чейин Ханкөл айылынын тургундары алар жашаган аймакта белгисиз аялдын арбагы пайда болгонун айтып чыгышкан.