Өкмөт Профсоюздар федерациясы жана Жумушчулар бирикмеси менен биргеликте кызматташуу боюнча келишим түздү

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдагандай, бүгүн КРнын Өкмөтүнүн, Профсоюздар федерациясынын жана Жумушчулар бирикмесинин ортосунда 2013-2015-жылдарга карата кызматташуу боюнча келишим түзүлдү. Өкмөттүн атынан вице-премьер-министр Камила Талиева, Профсоюздар федерациясынан аталган федерациянын төрагасы Асылбек Токтогулов, Жумушчулар бирикмесинин атынан Эркин Салымбеков катышты. Вице-премьер-министр Камила Талиеванын айтымында, аталган келишимде экономиканы өнүктүрүү, социалдык камсыздандыруунун жана жумушчулардын эмгек акысын көзөмөлдөө сыяктуу маселелер каралган.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан