Тоолуу Карабахтагы Армения-Азербайжан кагылышуусунда жүздөгөн армян аскерлеринин дайыны ушул күнгө чейин белгисиз. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян онлайн брифинг учурунда айткан.
"Азербайжан менен кагылышууда жүздөгөн армян аскерлери дайынсыз жоголду. Алардын айрымдарын тирүү табабыз деп үмүттөнүп жатабыз. Кечээ мурда өлгөндөрдүн тизмесине кирген адам оор абалда тирүү табылды", - деген Пашинян.
Пашиняндын айтымында, каза болгон адамдардын жансыз денесин Азербайжан менен алмашуу бүткөндөн кийин Арменияда аза күтүү күнү белгиленет.
Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча толугу менен ок атууну токтотуу 10-ноябрда башталат, Азербайжан менен Армения өз позицияларында токтойт, ошондой эле туткундарды алмаштырышы керек.