Орусияда 10 жаштагы секелек кыздын зордукталышына 11 жаштагы үч бала шектелүүдө

Орусиянын Кемеров облусундагы Междуреченск шаарында Өзбекстандан келген 10 жаштагы кыздын зордукталышына жергиликтүү 11 жаштагы үч бала шектелүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү полицияга Өзбекстандын жараны арыз менен кайрылган. Өз арызында ал 11 жаштагы үч бала 10 жаштагы кызын күчкө салып зордуктап койгондугун айткан. Полиция кызматкерлери окуя болгон жерден далилдерди жана кандын тактарын алышкан.

Азыркы учурда бул факт боюнча укук коргоо кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arzuum11
2020-11-17 08:22:41
Тообаа кылдым Аллахым озу сактасын олуп бараткандай эле АстагфирАллах
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан