Дөөлөт Сыдыков: "Токтотушпаса, манасты таң атканча деле айта бермекмин"

12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган.

Ал эми SUPER.KG порталы манасчы Дөөлөт Сыдыков менен бүгүнкү күндөгү абалы, ден соолугу, ага чейин көргөн даярдыктары тууралуу кененирээк кеп кылды.

Азыркы учурда "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн кандай иштер жүрүп жатат, дегеле качан кирет деген өңдүү суроолорго жооп алдык.

Токтотушпаса таң атканча деле айта бермекмин деген Дөөлөт Сыдыков буларга токтолду:

"Бүгүнкү күндө ден соолугум жакшы. Мурда кандай болсо ошондой эле. Көбүнө кызык болуп жатат окшойт, токтогондон кийин буту баспай же кыйналып, чарчап барып 5-6 күн Манастын уйкусун салып уктаса керек деп ойлогондор да болсо керек (күлүп). Манас айтканда чарчап калат дешсе керек, элге эргүү тартуулаганда өзүң дагы энергия аласың, тескерисинче, күч-кубат аласың.

Мени токтотушпаса таң салгыча деле айта бермекмин. Мен ойлогом 1 күн айтам деп, кайра баштаган маалыма чейин жок дегенде жакындап барып же ашып барып токтотом дегем. Ага чамам дагы, дареметим, үнүм деле баары эле жетмек. Калыстардын чечими менен токтотолу деп чечишиптир. Алар айтып күлүштү, ушунуң эле жетиштүү, калганы кийинки жаштардан чыкса, алар дагы айтсын дешип.

"Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн азыркы учурда уюштуруучулар иштеп жатышат. Айтылардан мурда табыштама жиберген элек. Иш болсо 2-3 айга чейин созулушу мүмкүн экен. Учурда команда иштеп жатат", - деп билдирди Дөөлөт Сыдыков.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.

Дөөлөт Сыдыков: “Элдин жана жубайымдын колдоосу менен 14 сааттан ашык Манас айттым“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан