Арстан Алай: "Периштелер өз ара сүйлөшүп Садыр Жапаров президент болбойт деп чечишти"
Коронавирус илдети Кыргыз өлкөсүнө келген жок. Бул тууралуу президенттикке талапкерлигин койгон Арстан Алай бүгүн, 17-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, гуманитардык жардам алуу үчүн Сооронбай Жээнбековдун бийлиги Ухан вирусу тууралуу жалган маалыматтарды тараткан.
"Вирус өлкөдө жок. Адамдар башка себептер менен каза болушту. Мен бул илдетти Кыргыз жерине жолотпойм деп айткам. Ал сөзүмө турдум. 2020-жылы Жээнбековдун убактысы бүттү. Эми мен президент болом. Периштелер өз ара сүйлөшүшүп, Садыр Жапаров президент болбойт деп чечишкенин аян аркылуу көрдүм. Дүйнөнү башкаруучулар менден кеңеш сурашы керек", - деди Арстан Алай.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:03
2021-01-22
18:28
2021-01-22
17:27
2021-01-22
17:24
2021-01-22
17:20
2021-01-22
17:9
2021-01-22
16:41
2021-01-22
16:39
2021-01-22
Рейтинг:
2

Туура айтат. Садыр президент болбой калды окшойт