Анжелина Жоли мурунку күйөөсү Брэд Питт менен болгон сотто утулуп калды

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли мурунку күйөөсү Брэд Питт менен болгон сотунда утулуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Актриса Брэд Питтин адвокаты судья менен жакын ишкердик мамиледе болгонун айтып, соттун чечимине нааразычылыгын билдирген жана ажырашуу процессинен четтетүүнү талап кылган.

Калифорниянын Жогорку Соту актёрдун адвокатынын 4 жылдан бери алып жүргөн ишин уланта берүүсүнө уруксат берген.

"Ушул жылдын сентябрь айында Анжелина Жоли менен Брэд Питт ортосундагы тирешүү күчөгөнү маалым болгон. Жылдыздар үй-бүлөлүк дарыгерге барбай калышкан. Алар балдарга тиешелүү да жаңы чыр-чатактарды башташкан. Брет Питт балдарга камкордукту бирдей бөлгүсү келсе, ал эми Анжелина Жоли балдарды Лос-Анжелестен алып кетүү шартын айткан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dante5
2020-11-18 01:04:58
Мм
+2
Chungyz
2020-11-18 08:09:54
Кыскасы не болуптур булар тынч бекен тынч болсо болду да
+2
Asmat84
2020-11-18 09:15:06
Анжелина Жоли да каарыптыр аа
+1
allia
2020-11-18 10:14:41
Кече Ольга Бузованын башы айланып жыгылды дедиңер эле. Бузованын абалы кандай экен?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан