Кечээ, 17-ноябрда Ташкент шаарында өткөн жолдоштук беттеште башкы машыктыруучу Амиржан Мукановдун жетекчилиги астында футзал боюнча Кыргыз улуттук курамасы Өзбекстанга 2:1 эсебинде утулду.
Кыргыз курамасына жалгыз голду Нурсултан Абдылдаев алып келди. Бүгүн, 18-ноябрда жолдоштук беттеште Кыргыз курамасы Тажикстан менен ойнойт.
Өзбекстан - Кыргыз өлкөсү (2:1);
Голдор: Абдылдаев (6-мүнөттө), Тулкинов (18-мүнөттө), Эркинов (31-мүнөттө).