Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилиги жана Пакистандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги менен биргеликте жасаган комплекстүү иштеринин жүрүшүндө 4 медициналык окуу жай жашыл тизмеге кирди.
Алар:
"Министрлик тарабынан иштелип чыккан "жол картасына" ылайык, экинчи этапта министрлик өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын учурдагы абалын аныктаган соң Пакистан медициналык кеңешине айрым медициналык ЖОЖдорду кайрадан "жашыл тизмеге" киргизүү сунушу жөнөтүлөт.
Кийинки этапта пакистандык комиссия Кыргыз өлкөсүнө чакырылат. Комиссия өлкөдөгү бардык медициналык окуу жайларды караган соң талаптарга жооп берген медициналык ЖОЖдорду жашыл тизмеге киргизүү маселеси каралат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.