Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Ал боюнча референдумду президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү сунушталды

Кечээ, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Ал Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды. Конституциянын жаңы долбооруна 82 депутат демилгечи болду.

Ш.Ш.Абдыкеримов, А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, Алтынбеков Айбек, О.А.Алыбаев, А.А.Арапбаев, Н.И.Арзыбаев, С.Анарбаев, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, Ө.М.Бакиров, А.Бердиев, А.К.Бешимбаева, К.С.Бокоев, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, К.У.Жапаров, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, Жунус уулу Адыл, А.Т.Жутанов, С.К.Ибраев, Т.И.Икрамов, С.Исманов, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.Карыбеков, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, К.К.Керезбеков, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, И.А.Маннанов, Г.С.Молдобекова, С.Молдалиев, Ж.А.Мусабекова, Б.Нурдинов, И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.О.Самаев, Г.Самат, У.Садиков, Б.Ж.Субанбеков, А.М.Султанов, Б.К.Сыдыгалиев, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Ч.Урумкалиева, Э.С.Тагаев, Т.Г.Тиллаев, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Торобаев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, О.Турдумамбетов, А.А.Турсунбаев, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, З.Эсеналиев, М.Б.Эгембердиев, А.Л.Юсуров, С.М.Джураев, Н.Т.Каримов.

Бюджеттин чектелүү экендигин эске алып, референдумду өткөрүү күнүн 2021-жылдын 10-январына дайындалган президентти шайлоону өткөрүү күнү менен бириктирүү сунушталат.

Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, Элдик курултай институту киргизилген.

"Конституция жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн:

Президент мамлекеттин башчысы болот жана аткаруу бийлигин жетектейт. Мындан тышкары президент ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт. Беш жылдык мөөнөткө шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Президент өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Бирок дайындоолор Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.

Ошондо Элдик курултай системи төмөндөгүдөй иштейт:

Элдик курултайга кирген өкүлдөр президенттин, Элдик курултайдын төрагасынын, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчётторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштамаларын бере алуу укугуна ээ болушат.

Ошондой эле конституциянын жаңы долбоорунда президент өз демилгеси же Элдик курултайдын сунушу менен министрлерди жана мамлекеттик комитеттин төрагаларын ээлеген кызматынан бошото алат.

Конституциянын жаңы долбоору жарыяланары менен коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.

Канттагы жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан