Орусиялык рэпер Тимати "Бойдоктор" шоусуна супермодель катары катышууну каалаганын билдирген тамашалуу видео социалдык тармакка чыгарды.
Бир ай мурун 37 жаштагы Тимати Анастасия Решетова менен 5 жылдан кийин ажырашканы күйөрмандардын көңүлүн бурган. Мындай чоң жаңылыктан кийин рэпер "Бойдоктор" шоусунун жаңы сезонунун катышуучусу болгон. Шоудо анын көңүлүн бурдуруу үчүн 25 кыз ат салышат.
Бул жылдыздуу түгөйлөрдүн күйөрмандарынын арасында чоң реакцияны жараткан. Ал эми рэпердин көңүл борборунан орун алууга аракет кылуу максатында шоуго катышуу үчүн миңдеген сулуулар билдирме калтырышкан.
Тимати өзү шоунун катышуучуларынын арасында Ирина Шейктин болушун каалаган. Инстаграм баракчасында рэпер ачык кийим кийген айым кастингге катышууга уруксат сураган видеону чыгарган. "Сен үчүн "Бойдокторго" кошулайынбы? Эмне мукактанасың, уруксатпы же жокпу?" дегенин көрүүгө болот.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары бул жөн гана монтаж экендигин айтып, "ал бул жерде Настя Решетовага окшош, анда баары жакшы болот", "бул үчүн ага канча каражат төлөп берди экен?", "Ал супер сулуу", "Жигит кыялданган экен", Чын эле Шейкпи? Ал өзү тартылыптырбы?", "Настяга абдан окшош экен", "Сен Иринанын дагы жүрөгүн жаралайсыңбы? Токтот!" деген өңдүү түрдүү пикирлерин калтырышкан.