Башкортостандын тургуну аскерде кызмат өтөө үчүн көзүнүн көрүүсүн жакшыртып, 14 килограмм салмак таштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Башкортостандын тургуну армияда кызмат өтөө үчүн 14 килограммга арыктап, көзүнүн көрүүсүн жакшырткан. Жазында аскерге чакыруу учурунда ал медициналык кароодон өткөн эмес. Андан кийин ден соолугуна олуттуу кароону чечип, көзүнүн көрүүсүн жакшыртып, машыгуу залына жазылган.
"Машыктыруучуга берүүгө акчам жок болчу, бирок бир машыктыруучу аскерге баруу кыялым үчүн машыгып жатканымды билгенден кийин ыктыярдуу түрдө мага жардам берди. Ал мен үчүн тренинг өткөрүп, туура тамактануумду көзөмөлдөп турду. Натыйжада 6 айда 14 килограмм салмак таштадым. Азыр мен 118 килограмм салмакта болуп жатам", - деген ал өз сөзүндө.
Ошондой эле ал күзүндө медициналык кароодон ийгиликтүү өтүп, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган. Ал Калининград облусундагы Аскер-Деңиз флотунда кызмат өтөөдө.