Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова менен ырчы Нуриса Абазованын бир тууганы жардамга муктаж. Тагыраагы, Бакытбек Абазов боордун циррозу жана 2-типтеги кант диабети менен жабыркайт. Тез аранын ичинде анын боорун алмаштыруу зарыл. Бул тууралуу бир тууган эже-сиңди тарабынан белгилүү болду.
"Кайрымдуу кыргыз элим, кадырман калайык калкым, бүгүнкү күндө биздин бир тууганыбыз өтө оор абалда жатат. Тез арада боорун алмаштыруу үчүн көп суммадагы акча каражаты керек экен. Азыркы күндө бизде анчалык каражат жок болгондуктан агабыз калың журттун жардамына муктаж болуп турат. Бакытбек агабыздын ден соолугуна кайдыгер карабаган кайрымдуу, боорукер инсандарыбыздан жардам сурайбыз. "Көп түкүрсө көл болот" демекчи сиздердин көрсөткөн кичинекей материалдык колдооңуздар менен Кудайым шыпаасын берип, агабыз дарттан арылып кетер деген изги тилек менен сиздерге кайрылып, жардам сурап жатабыз", - деп билдирүү калтырган.
Ырчы Нуриса Абазова агасы бир жарым жылдан бери илдет менен күрөшүп келе жатканын айтып, буларга токтолду.
"Агам 1 жарым жылдан бери оору менен алышып, Бишкектеги медициналык жайларда дарыланып келет. Бирок боорун алмаштыруу чет өлкөдө, тагыраагы, Орусияда жасалат. Агамдын баласы донор болуп берет. Буюрса, 20-ноябрга учакка билет алып койдук. 23-ноябрда ооруканага жаткырылып, тиешелүү кароолордон өткөндөн кийин операциянын күнү белгиленет.
Операцияга керектүү сумма жетишсиз болгондуктан элге кайрылдык. Кайрымдуулук кылып жаткан элибизге, ар бир инсанга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Өздөрүнүн көңүлүнөн чыккан жардамын берип, донор болобуз дегендерге рахмат", - деди ал.
Бакытбек Абазов 1969-жылы туулган, Токтогул районунун Торкен айылынын кулуну.
Жардам берүүнү каалагандар:
MBank 996773454532 (Нуриса Абазова);
Элсом: 0773 454 532;
эсеп: 1280016055483609 (сом);
эсеп: 1280016055483306;
эсеп: 1280016055483407 (доллар).