Орусиялык ырчы Филипп Киркоров балдарынан ажырап калуу коркунучунда турат

Орусияда бойдок эркектер өз алдынча балдарды тарбиялай алышпайт, алар карын эненин жардамы менен балалуу болууга укугу жок деген мыйзам кабыл алынгандан кийин ырчы Филипп Киркоров үчүн көйгөй жаралды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ал балдарынан ажырап калуу коркунучунда турат. Бирок ырчы балдарына болгон аталык укугун сактап кала алары тууралуу орусиялык журналисттерге берген интервьюсунда маалым болду.

Орусияда көптөгөн жылдыздар салттуу үй-бүлөдөн баш тартышат. Бирок мураскорлорго ээ болууну каалагандар карын эненин кызматынан пайдаланышат. Алардын катарында эстрада ырчысы Филипп Киркоров да бар. Анын балдарына байланыштуу өзгөчө көйгөйлүү окуя болгон эмес. Бирок орус басылмаларынын айтымында, кабыл алынган мыйзам ырчынын балдарынан ажырап калуу коркунучу жаралганын билдиришет.

"Филипп Киркоровдун коомдун бактылуу жана татыктуу мүчөлөрүн тарбиялоо үчүн бардык шарттары бар, ошондой эле балдарына туура тарбия жана билим берүүгө мүмкүнчүлүгү да бар", - деген оюн билдирген ырчынын сахналаштарынын бири.

Эстрада ырчысы Филипп Киркоров карын эненин жардамы менен 2011-жылы Алла-Виктория аттуу кыздуу болсо, 2012-жылы Мартин аттуу уулдуу болгондугу маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asel69
2020-11-18 21:56:32
Баласы озуно окшош экен
+2
jaskaaa
2020-11-19 01:57:37
Койгулачы. Таштандыга деле таштап кетип атышат гоо.Ага караганда Филлип бакканга мыкты шартты бар.
Филлипден балдарын тартып алуу ойлорунада келбейт гоо.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан