2020-жылдын эсебинде дүйнөдөгү эң кымбат шаарлар аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, рейтингде дүйнөдөгү эң кымбат шаарларга Кытайдын Гонконг, Франциянын Париж жана Швейцариянын Цюрих шаары кирди. Мындай рейтингди британиялык "Economist Group" компаниясы түзгөн.
Эксперттер изилдөөдө дүйнөдөгү 133 өлкөнү карап, 140 товарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү изилдеп чыгышкан.
Изилдөөнүн натыйжасында жашоо үчүн эң арзан болгон шаарлардын катарына Алматы (Казакстан), Каракас (Венесуэла), Лусака (Замбия), Ташкент (Өзбекстан) кирген.