Америкалык актёр Майкл Жорданды "People" журналы 2020-жылдын "Жылдын эң сексуалдуу мырзасы" деп тапты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Чёрная пантера", "Крид-2" тасмаларындагы ролдору менен белгилүү болгон 33 жаштагы актёр үй-бүлөсүндөгү
айымдар аны менен сыймыктанарын айтып, эми аны тааныштары бул үчүн көпкө тамашалай турганын билдирген.
"Бул эң сонун сезимдер. Ушуга окшогон нерсе чыкканда адамдар ар дайым өз ойлорун айтышат. Тааныштар
бул жаңылыкты укканда топтук чат иштебей катып калса керек. Жакындарым мени тамашалап, мындай наамды такыр ала албайт деп калышчу. Журналды менин чоң апам, апам жана жеңелерим чогултуп, көп окушчу. Наам алганым үй-бүлөмдөгү айымдарды сөзсүз кубантат", - деп билдирген актёр.
Белгилей кетсек, өткөн жылы "Жылдын эң сексуалдуу мырзасы" наамын белгилүү америкалык ырчы Жон Леженд алган.