Эл аралык "Animals - 2020" сынагынын эң мыкты сүрөттөрү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн арыздар 28-августтан 11-сентябрга чейин кабыл алынып, андан
кийин добуш берүү менен тандоо турлары бир нече этапта өткөн.
Ал эми жеңүүчүлөр ноябрь айынын ортосунда аныкталды. Жеңүүчү болуп Индонезиядан келген сүрөтчү Мартин Ринтинг күн карама гүлдөрүндө игуананын сүрөтүн тартып алгандыгы үчүн аныкталган. Ал миң доллар өлчөмүндөгү баш байгени утуп алды.
Москвалык сүрөтчү Юра Борщев дагы "Көлөкө ойнот" сүрөтү менен жаныбарлардын мыкты сүрөттөрүнүн
алдыңкы 50 сабына кирди.
Белгилей кетсек, сүрөт сынагына дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жалпы 13 миң 888 сүрөт катышкан.