Индиянын жараны спорт залга барбай туруп 34 килограмм салмак таштады

Индиянын жараны10 айдын ичинде спорт залга барбай туруп 34 килограмм салмак таштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жазылган билдирүүгө ылайык, Индиянын 31 жаштагы жараны 124 килограмм салмакта болгон. Ал 2018-жылы омурткасынан операция болгон. Ошол учурда анын 9 айлык баласы болгон, ошондой эле ал ден соолугу үчүн кабатырлана баштаган. Ал арыктоо кыйынчылыктардан сактануунун бирден-бир жолу экендигин билген. Ал эч кимдин жардамысыз арыктоону чечип, интернеттен арыктоо тууралуу маалыматтар менен таанышып, кето диетаны жана убак-убагы менен ачка жүрүүнү тандаган.
Аял ден соолукка пайдалуу тамак-аштын кичинекей бөлүктөрү анын токчулукту сезишине шарт түзөрүн баса белгилеген. Ал күнүнө төрт литрден суу ичет. Ошондой эле ал операциядан кийин спорт залга бара албай калган, бирок ага карабай өз алдынча көнүгүүлөрдү жасап, бийлеп ашыкча салмактан арыла баштаган. Жыйынтыгында ал 10 айдын ичинде 34 килограмм салмак таштаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mubarak
2020-11-20 21:53:15
Кай жерге таштаптыр мен алып алайын :)мага жетпейтта кг
+2
Jibakana
2020-11-20 22:52:20
Mubarak,таап калсан мага 5,5кг бересинби э?
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-11-20 22:21:17
Молодец!Эрки күчтүү айым экен.Боюмда бар деп мага Кудай берди))жебей койсом дагы болбойт.
+5
Kamalina
2020-11-21 19:46:02
Baktyluu_bolgum_kelet,сиздин боюнузда бар экен. Эмчек эмизем деп шылтоолоп мен да журом
0
muslima-0788
2020-11-21 14:06:03
Мен да омурткадан грыжа алдырып операция болдум.Конугуулор строго нельзя скга деп врачым айткан.Бир жумадан бери диетадамын.83,6 кг элем азыр 81,3 кг болдум.Нагрузка келбегидей конугуулорду жасап атам эптеп
0
nazira...
2020-11-21 19:40:35
34 таштаганда деле семиз экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан