Жогорку Кеңештин депутаттары четинен суракка чакырылууда. Бул боюнча SUPER.KG порталына ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
"Конституция боюнча эмес. 5-6-9-октябрдагы массалык баш аламандыктар боюнча күбө катары чакырыла турган адамдар көп. Тергөөдө аларга карата суроолор бар экен. Ошолорго гана жооп беришет. Башка эч кандай маселе жок. Чакырылгандардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери деле бар. Тергөө акыйкат болуш үчүн барып өз көрсөтмөлөрүн берип жатышат", - деди Сеитов.